www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-июлда Россиянын Краснодар облустук соту Кыргызстандын жараны Бекмат Ж.га карата өкүм чыгарганын соттун басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш 2022-жылдын 20-августунда Сочидеги муниципалдык көрүстөндө болгон. Кечки саат бештер чамасында кыргызстандык жигитти көрүстөндө иштейт деп ойлогон кыз ага чоң энесинин мүрзөсүн таап берүүсүн суранып кайрылган. 

Айыптоочу тараптын айтымында, Бекмат кыздын чоң энесинин көрүстөнүнө чейин алып барып, андан соң кызды зордуктап, муунтуп өлтүргөн. Андан кийин ал кыздын буюмдарын, анын ичинде кийинчерээк азык-түлүк дүкөндөрүндө пайдаланып жүргөн банк картасын дагы алып алган.

Кыздын өлүмү чоң энесинин мүрзөсүндө болгон. Бекмат өзү кылмыш учурунда мас болгон.

Сотто айыпталуучу кылган кылмышына өкүнөрүн айтып, маркум кыздын апасынан кечирим сураган.

Жыйынтыгында ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-берене (Зордуктоо), 132-берене (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер), 105-берене (Киши өлтүрүү), 158-берене (Уурулук) жана 158-берене (Уурулук) боюнча күнөөлүү деп табылып, 19 жылга эркинен ажыратылды.

Сот ошондой эле жабырлануучунун моралдык зыяндын ордун толтуруу, материалдык чыгымды жана сөөк коюуга кеткен чыгымдарды өндүрүү боюнча жарандык доолорун канааттандырды.

Белгилей кетсек, өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости