www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевдин тушунда азуусун айга жанган, түкүрүгү жерге түшпөй ченебей көпкөн Икрамжан Илмиянов деген "серый кардинал" бар болчу. Далай мен деген аткаминерлер, саясатчылар көзүнүн агы менен айланчу. 

Атамбаев бийликтен кеткенде мураскер катары Сооронбай Жээнбековго бийлигин өткөрүп берүү боюнча сценарийи дагы дал ушул куйтунуку болчу дешет. Ошол үчүн Жээнбеков ичкен кудугуна түкүрүп, Атамбаевди душман тутуп камакка алганда, Илмияновдун бир тал чачы түшпөй, суудан кургак чыкканы ошондон. Кезинде Атамбаевдин ишенимине кирип, далай былыкты кылса дагы, кийин Сооронбай Жээнбеков чекесине черттирген жок. Себеби, президент болушуна жол ачып, мураскер болчуларды жолдон тазалап берген дал ушул Икрамжан болгону айтылып келет. 

Мына азыркыга дейре топтогон байлыгына манчыркап, Эдил Байсалов айтмакчы, кылы кыйшайган жок. Колунда токочу бар бала сүймөнчүктүү болуп, бүгүнкү күндө минтип Лейлек районунун "Ардактуу атуулу" наамын алып, бетинен май тамп, сөөмөй тийсе жарылчудай ынтыгып каада күтүп жүргөнүн көргөндөр, акыйкаттык жоктугуна баш чайкашууда. 

Баса, Атамбаев камактан чыкканда желим бөтөлкөгө жарымынан суу куюп алып, үйүнө жетип барып, "дубаланган суу көтөрүп келдиңби" деп кагуу жеп, кеткенче шашканы бүгүнкүгө чейин жомок болуп айтылып жүрөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости