www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия-Африка саммитине Африка континентинин 49 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышат, алардын 17си мамлекет башчылары.  Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

Дээрлик бардык Африка мамлекеттеринин лидерлери менен өкүлдөрүн чогулта турган Санкт-Петербургдагы экинчи Россия-Африка саммити бүгүн, 27-июлда ачылып, 28-июлда жыйынтыкталат.

"54 өлкөнүн 49у (саммитке- ред.) катышарын ырастады. Жарымынан көбү - 27и жогорку деңгээлдеги өкүлдөр. Алардын 17си мамлекет башчылары, 5и вице-президент, 4ү өкмөт башчы, бири парламент башчысы", - деди Ушаков журналисттерге.

Ушаков белгилегендей, саммитке дээрлик бардык аймактык африкалык уюмдардын, анын ичинде Африка биримдигинин жетекчилери катышат.

Сочиден Петербургга

Биринчи Россия-Африка саммити 2019-жылдын 23-24-октябрында Сочиде "Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн" урааны астында өткөн.

РИА Новости маалымдагандай, форумдун уюштуруучулары биринчи саммитке Россиядан жана 104 өлкөдөн жана аймактан 6 миңден ашуун катышуучу жана журналисттер, анын ичинде миңден ашуун чет элдик бизнес өкүлдөрү, эки миңге жакын чет элдик расмий делегациялардын өкүлдөрү катышканын  билдиришкен. Форумга Африканын бардык 54 өлкөсүнүн расмий өкүлдөрү чогулушкан, алардын ичинен 45и мамлекет жана өкмөт башчылары.

Биринчи саммитте Россия менен Африка өлкөлөрү 800 миллиард рублдан ашык суммага 50дөн ашык келишимге кол коюшканын, Россия президентинин кеңешчиси Антон Кобяков форумду жыйынтыктап жатып билдирген.

49 делегациянын сапары

Россия Санкт-Петербургдагы саммитке Африка континентинин бардык өлкөлөрүнүн башчыларын чакырды, бирок алардын бири келе албаса, түшүнүү менен мамиле кылат, деп билдирди РФ Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Олег Озеров РИА Новостиге берген маегинде. Анын айтымында, Африка өлкөлөрүнөн жана Африка Биримдиги сыяктуу аймактык бирикмелерден 49 делегация катышарын ырасташты.

Озеров катышуучулардын тизмеси акыркы учурга чейин өзгөрөөрүн баса белгилеп, Россия Федерациясы саммитке расмий мамлекет башчыларын гана чакырып жатканын өзгөчө белгиледи.

Дан келишими, тынчтык атом, суверенитет

Россия-Африка саммити башка нерселер менен катар дан келишимин жана Россиянын дүйнөлүк рынокту колдоо аракеттерин талкуулоо үчүн маанилүү, деп билдирди орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Олег Озеров РИА Новостиге билдиргендей, саммитте ондогон эки тараптуу документтерге кол коюлат, келишимдердин чоң пакети даярдалууда. Ал ошондой эле Россия Санкт-Петербургдагы саммитте дан келишими токтотулган шартта Африка өлкөлөрүнө азык-түлүк көйгөйлөрүн чечүү жолдорун сунуштай турганын айтты.

Россия Бурунди жана Зимбабве менен тынчтык атомдук кызматташуу боюнча келишимдерге кол коет, бул тууралуу орус өкмөтүнүн буйругу дүйшөмбү күнү расмий укуктук маалымат порталында жарыяланды. Россия тараптан бул документтерге “Росатом” мамлекеттик корпорациясы кол коет.

Мындай тышкары, Мамлекеттик Думанын комиссиясынын жетекчиси Василий Пискарев Мамдуманын тышкы кийлигишүү фактыларын иликтөө боюнча комиссиясы Африкадагы кесиптештери менен суверенитетти коргоо жана тышкы кийлигишүүгө каршы туруу боюнча тажрыйба алмаша турганын билдирди.

Последние новости