www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Орусия баштаган Украинадагы «маанисиз согушту» токтотууга чакырды. 22-мартта Нью-Йорк шаарында журналисттер менен сүйлөшкөн Гутерриш бул кагылышууда жеңүүчү болушу мүмкүн эмес экенин белгилеп, бейкүнөө адамдар гана өлүп жатканын айтты.

«Украинадагы согуштун уланышы моралдык жактан кабыл алынгыс, саясий жактан өзүн актабайт жана маанисиз. Мариуполь багынып берген күндө да Украинаны шаардын артынан шаарды, көчөнүн артынан көчөнү, үйдүн артынан үйдү басып алуу менен багындыра алышпайт. Эртеби-кечпи тараптан согуш талаасына сүйлөшүүгө өтүшү керек. Бул маанисиз согушка чекит коюу зарыл» , - деди баш катчы.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости