www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш дүйнө өлкөлөрү коронавирус инфекциясы деген жалпы душманга каршы күрөш башташы керектигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
«COVID-19 адамдарды өлтүрүп, экономикага зыян келтирип жатат. Бүтүндөй шаарлар, өлкөлөр изоляцияга алынып, чек аралар жабылып жатат. Чоң жыйырма өлкөлөрү коронавирустан улам жаралган глобалдык каатчылыкка ыкчам жооп бериши керек. Эң өнүккөн өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасы да басымга туруштук бере албай жатканын көрүп жатабыз. Тесттерге болгон муктаждыкты канааттандыруу, ооруканаларды куруу жана бардык зарыл медициналык каражаттарды жеткирүү үчүн саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражатты тез арада көбөйтүү керек», — деди баш катчы.
Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 246 миңден ашып, 10 миңдей адам каза болду.
Булак: NazarNews.kg