www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйыны башталат. Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүшөт. 193 мамлекеттен бирден гана дипломат Башкы Ассамблеянын залына киргизилет. Алардын баары беткапчан, социалдык аралыкты сактоо менен отургузулат.

21-сентябрда БУУнун 75 жылдыгы белгиленет. Анда дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери үч мүнөттөн видеокайрылуу жасашат. Шейшембиде Башкы Ассамблеянын виртуалдык жыйыны БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериштин билдирүүсү менен ачылат. Быйыл онлайн жыйында 171 мамлекеттин лидерлери сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Жыйын 29-сентябрда соңуна чыгат.

22-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын лидери Си Цзиньпиң кайрылуу жасайт. Соңку жылдары бул эки лидер тең жыйынга өз дипломаттарын гана жиберип келген. Ушул эле күнү АКШнын президенти Дональд Трамп да сөз сүйлөмөкчү.

23-сентябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков видеокайрылуу жасай турганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости