www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектептер реалдуу режимде окууга качан өтө турганы азырынча белгисиз, бардыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечилет. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кабарлады.

Буга чейин министр Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштаган.

Жусупбекованын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал туруктуу деп айтып, уруксат бергенден кийин гана окуучулар мектепке бара башташат.

"Азырынча белгисиз. Бардыгы эпидемиялык кырдаалдан көз каранды. Анткени балдардын, педагогдордун ден соолугу башкы орунда. Октябрдан баштап салттуу режимде окуй турган болсок кандай шарт-талаптарды аткарышыбыз керектиги боюнча азыркы тапта Саламаттык сактоо министрлигинин адистери менен иштеп жатабыз. Мисалы, кандай эрежелерди сактап, окуучу, педагогдорго оору жугуп калбаш үчүн эмне кылуу керек деген маселелер талкууланып жатат. Коронавирус боюнча статистикага таянып, ар бир аймактардагы мектептердин ишине талдоо жүрүүдө. Бул маселе жакынкы аралыкта чечилет деп ойлойбуз. Окуу баштала турган болсо, алдын ала айтылат", — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле, Жусупбекова окуучулар реалдуу режимде окуй баштаса, мектеп формасы классикалык түрдө үстү ак (көйнөк), алды кара (шым, юбка) боло турганын, бирдей форма кийүү талабы алып салынганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны күн сайын катталууда. 21-сентябрга карата жалпы ооругандардын саны 45 471ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости