www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандагы абалга тынчсызданып, саясий күчтөрдү диалогго чакырды. Бул тууралуу уюмдун жаңылыктар сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, БУУ абалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстандын бардык аракеттерине колдоо көрсөтүүгө даяр.

"Антониу Гутерриш Кыргызстандагы абалга тыкыр көз салып турат. Ал митинг учурунда жаракат алып каза болгон адамдын өлүмүн өкүнүү менен кабыл алып, тараптарды күч колдонбоого, зордук-зомбулукка барбоого чакырды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал Кыргызстанга БУУ Борбор Азиядагы алдын ала сактануу дипломатиясы боюнча аймактын борбору аркылуу жардам бере аларын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости