www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга жасаган иш-сапарынын алкагында Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысынын адам укуктары боюнча жардамчысы Эндрю Гилмор менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Кубат Оторбаев менен, жана ошондой эле, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери менен жолугушту.
Ал Кыргыз Рспубликасына иш-сапары адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдыгына туш келип жатканын белгиледи. Иш - сапарынын максаты- адам укуктарынын сакталышына байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал менен таанышып, бул багытта өнөктөштөр, анын ичинде Акыйкатчы институту менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү болуп саналган.
Акыйкатчы институтунда болгон жолугушууда “БУУ өзүнүн ишинде карманган үч негизги принцип- тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү болуп саналат. Дүйнөнү тынчтык болмоюнча өнүктүрүүгө болбойт, ошол эле учурда өнүгүүсүз тынчтык болбойт. Ал эми экөөнө тең адам укуктарын камсыздамайынча жетишүүгө болбойт-деген биздин уюмда кеңири жайылган жакшы сөз бар. Тилекке каршы азыркы учурда айрым өлкөлөрдө тынчтык бузулуп, терроризм менен экстримизм дүйнөдөгү эң курч маселеге айланды. Бирок, Кыргызстан террористтик коркунучу аз өлкөлөрдүн катарында экени мени кубандырат” деп билгиледи Эндрю Гилмор.
Белгилеп коюу керек, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин Борбор Азиядагы өкүлү Ришард Коменда Акыйкатчы Кубат Оторбаевге адам укугун коргоодо кошкон зор салымы үчүн БУУнун атайын символикалуу хрусталын ыйгарды.
Өз кезегинде Кубат Оторбаев Эндрю Гилмордун Акыйкатчы аппаратына убакыт таап баш бакканына ыраазычылыгын билдирип, ал айткан экстримизм, терроризм маселелери калктын социалдык, экономикалык жана саясий көйгөйлөрү тийиштүү деңгээлде чечилбегенинен улам чыгып жатканын баса белгиледи. Бул жаатта Акыйкатчы институту өз иш-аракеттерин жүргүзүп, социалдык, экономикалык маселелерге басым койгон баяндамаларды тематикага бөлүп, кезек-кезеги менен даярдашаарын айтып өттү.
Булак: NazarNews.kg