www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы консенсус аркылуу «Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен чечүү» аттуу резолюцияны кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Документтин коспонсорлору катары 40тан ашуун мамлекет чыкты. Резолюция Кыргыз Республикасы тарабынан Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы менен биргеликте сунушталды.
Резолюциянын негизги максаты — аймак өлкөлөрүнүн тарыхый жетишкендигин дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүү: сезимтал маселелерди тынчтык жолдору аркылуу (диалог, сүйлөшүүлөр жана өз ара макулдашылган башка ыкмалар аркылуу) БУУнун Уставына жана эл аралык укукка ылайык чечүү жөндөмүн көрсөтүү.
Резолюция жөнөкөй жана универсалдуу принципти сунуштайт: мамлекеттер чек ара талаштарына туш болгондо, алдыга карай жол тынчтыкка, мыйзамдуулукка жана диалогго негизделиши керек.
Резолюцияда белгиленген Борбор Азиянын жетишкендиктери бүткүл эл аралык коомчулук үчүн конструктивдүү үлгү болуп, коңшулаш мамлекеттер ортосундагы жакшы мамиленин модели жана аймак өлкөлөрүнүн эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон салымы катары кызмат кылат.
Резолюциянын кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын жана аймак өлкөлөрүнүн ондогон жылдар бою чечилбей келген курч маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга жөндөмдүү экендигинин дагы бир тастыгы жана эл аралык деңгээлде таанылышы болду. Дүйнөлүк коомчулук Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактагы тынчтыкты жана өз ара ишенимди бекемдөөгө болгон умтулуусун бир добуштан белгиледи.