www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК жасалма медициналык маалымкаттарды колдонуу аркылуу чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын уюштурган каналдын кезектеги фактысын аныктады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 20-май күнү жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет мамлекеттин «Л.Ц.» аттуу жараны кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун айрым кызматкерлери жана Кыргызстандын айрым жарандары менен сүйлөшүп алып, чет элдик жарандарга жасалма медициналык маалымкаттарды даярдап берүү аркылуу мыйзамсыз миграция каналын уюштурган.

УКМК билдиргендей, шектүүнүн иштеген жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнө укук берүүчү визаларды тариздөө жана узартуу үчүн колдонулган 90дон ашык даяр медициналык маалымкат табылып, алынган.
Учурда «Л.Ц.» КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат жарандарды жана чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

Белгилей кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесине ылайык, мыйзамсыз миграцияны уюштургандыгы үчүн 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу, айрым кызматтарды ээлөөгө тыюу салуу жана мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү жаза каралган.

Последние новости