www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында украин аскерлери аткылоого алган Запорожье атомдук электр станциясынын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча Украинанын версиясын эч ким колдогон жок. Бул тууралуу Орусиянын аталган уюмдагы өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянскийге шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Орусияга каршы айыптоолорго карабай, бул иш-чаранын жыйынтыгы менен Украинаны эсине келтире турган кеп-кеңештер айтылат деп үмүттөнөм. МАГАТЭнин башчысы Гроссинин Запорожье АЭСине келишине Украина бийлиги жана Батыш жалпысынын тоскоолдук жаратпаса экен деп турабыз. БУУнун катчылыгы дагы буга чейинки позициясын кармаса экен", — деди Полянский.

Орусиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн. Артиллериялык бир катар чабуулдун натыйжасында өрт чыгып, энергоблоктордун иштөөсү үчүн зарыл болгон эки электр чубалгысы үзүлгөн. Анда №3 станция ишин токтотуп, №4 энергоблоктун генерацияланган кубаттуулугу кыскарган.

Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станция болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости