www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгисиз эки жаран өздөрүн Жол кайгуул кызматкерлери катары көрсөтүп, айдоочулардан акча талап кылып жатышканын социалдык тармактын колдонуучусу видеого тартып алган. Аталган видеодон эки жаран атайын форма кийип унааларды токтотуп жатканын көрүүгө болот. Видеонун авторунун айтымында алар кеминде 5, 6 унааны токтотууга үлгүрүшкөн. Алар кезектеги унааны токтотушкан учурда, видеого тартып жаткан киши "кызматкерлерден" тиешелүү документтерин көргөзүүнү суранган. Бирок, алар видего тартпоону айтышып, унаасына түшүп кетип калышкан. 

Социалдык тармактын колдонуучулары комментарийлерде бул Бишкектеги Көлмө конушу экенин белгилешкен.

ИИМдин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, видеотасмадагы жарандар чындыгында алардын кызматкерлери эмес. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды. Учурда белгисиз адамды издөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости