www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун коопсуздук кеңеши Сириянын Идлиб аймагындагы абалдар менен Түркия, Орусия жана Иран лидерлеринин жума күнү Ирандын борбор калаасы Тегеранда өткөргөн саммитинин жыйынтыктарын сүйлөшүү үчүн чогулмакчы.
БУУдагы дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Орусия, БУУнун коопсуздук кеңешин Идлибдеги акыркы абал туурасында маалыматтандырыш үчүн чогулуш талабын кылды.
БУУнун коопсуздук кеңеши жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө (Түркия убактысы боюнча саат 18:00дө) Идлибдеги абалдар менен президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владмир Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин Тегеранда өткөргөн саммиттин жыйынтыктарын сүйлөшүү үчүн чогулат.
БУУга караганда Сирияда режим жана Орусиянын өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб жана ортоңку аймактарындагы Хама облустарына абадан кол салуусу жана улам күчөгөн кагылышуулардын себебинен акыркы бир жумада 30 миңден ашуун киши жеринен ажырап, көп сандаган киши каза тапты.
Сириянын түндүк-батышында, аскердик оппозициячылдар жана режимге каршы куралчан топтордун көзөмөлүндөгү Идлиб жана чөйрөсүндөгү айрым аймактардын 2017-жылдын 4-5-майындагы Астана жыйналышында «чыңалууну азайтуу аймагы» деп жарыяланганына карабастан Асад режими жана кээ-кээде Орусия, аймакты абадан бомбалоосун токтото элек.
Булак: "trt.net.tr"