www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабакта 1 000дей этникалык армян калды. Бул тууралуу жикчил аймакка барган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) миссиясынын 3-октябрда жарыяланган баяндамасында жазылган.

Маалыматта Степанакерт шаарында жарандык инфраструктурага эч кандай зыян келтирилбегени, бирок калаа ээн калганы белгиленген.

БУУнун түрдүү багыттарында иштеген адистеринен турган тобу жеринде абал менен таанышуу жана тургундардын гуманитардык муктаждыктарын аныктоо максатында Тоолуу Карабакка 1-октябрда барган. Бул БУУ кызматкерлери акыркы 30 жылдан бери аталган жикчил аймакка кирген алгачкы учур болуп калды. 

Аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган. Армян бийлиги Тоолуу Карабакта жашаган 120 миңдей тургундун 100 миңден ашууну келгенин, алар турак-жай менен камсыздалып жатканын маалымдаган.

Өткөн аптада Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения Бакуга каршы БУУнун эл аралык сотуна арыз жолдогон.

Азербайжандын бийлиги Тоолуу Карабакта жашагандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин, аларды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости