www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өзбекстан темир жолдору" компаниясы 20-октябрдан тарта ички каттамдар үчүн билет баалары жогорулай турганын билдирди.

Маалыматка караганда, тарифтер кадимки каттамдар үчүн 50%, жогорку ылдамдыктагы Afrosiyob поезддери үчүн 100% көтөрүлөт.

"Жүргүнчүлөр темир жол тармагында ишке ашырылып жаткан реформаларды туура түшүнөт деп үмүттөнөбүз. Жүргүнчү ташыган вагондор жаңыланып, жаңы поезддер сатып алынып, бекеттер оңдолууда. Кадимки каттамдар үчүн билет баалары акыркы жолу 2018-жылы, Afrosiyob поезддери үчүн 2019-жылы көтөрүлгөн. Андан бери өлкөдө минималдык айлык акы 2,4 эсеге жогорулады. Электр энергиясы, күйүүчү май кымбаттап, логистикалык жана транспорттук чыгымдар көбөйдү", – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Компаниядан белгилешкендей, 20-октябрдан тарта өлкө ичиндеги жүк ташуу тарифтерине да жаңы коэффициенттер киргизилүүдө. Бул компаниянын күйүүчү майга, электр энергиясына, жер жана мүлк салыктарына кеткен чыгымдарынын көбөйгөнү менен байланыштырылууда.

"Газета.уз" басылмасынын маалыматына караганда, 2022-жылы "Өзбекстан темир жолдору" чыгымы эң көп мамлекеттик компаниялардын тизмесине кирген. Компания 2021-жылы 51,9 миллиард сум киреше тапса, өткөн жылды 1,17 триллион сум чыгаша менен жыйынтыктаган.

Өзбекстанда 1-октябрдан тарта юридикалык жактар үчүн электр энергиясынын жана газдын тарифи жогорулаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости