www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш дегенде бакырып чыгып, барын таштай койгон сарт калмак Кендирбаева деген бар. Оң жагынан караганда Орголчанын өзү, себеби Оргалчанын айтуусу боюнча таяке-тайы кыргыздар, Кендирбаевада деле ошондой болсо керек, сол жагынан караганда сарт калмактыгы бар. Жаңы келген жетекчини  ким болсо аңтарып-теңтерип көрөт бул адат. Караколдук Кендирбаеванын элден жашырып жүргөн ата-теги тууралуу сөз кылсак. Каракол тарапта сарт калмактардын бир үзүмү жашап калышкан. Он сегизинчи кылымда калмактар кыргыз элине кыйынчылык туудурат. «Кыргыз Гиссарга тентип, казак кайың саап» калган, чындыгы ушул бир ууч саяктар гана тоого жашынып, калган кыргыздарды орду түбү менен кодулашып Анжиян, Ферганага сүрүшкөн.  Азыр ал тууралуу кененирээк айтып берербиз, кыскасы он сегизинчи кылымды аяктап барып калмактарды Кытай талкалайт. Бешиктеги баласынан кемпир-чалдарга чейин кырып салат. Мына ушул алааматтан пайдаланып кыргыздар жанданышып, Ала-Тоодогу калмактарга каршы чыгышат. Жерин тарттырып ийген кыргыздардын жеринде да итапкан калмактар орун алышыптыр. Кыргыздар жан аябай күрөшүп, анча-мынча калмактар сүрүлүп барып Караколго отурукташып калат. Караколдун бир топ айылында кыргызча сүйлөшкөнү менен ата-теги калмак көп эле адамдар бар. Кыргыздар илгерки душманы калмактарга кечирим беришип аларга көп деле маани беришпейт. Ал эми сарт калмактар кыргызга кекенишип, учуру келгенде жамандык кылып турушат. Ошентип алар ата-тегинин өчтөрүн алышат.

.Кыргызды жылдызга теңеген Маматкулдун балдары, ал тууралуу кыргызда: “Өлдүм, өлдүм дегендин, өзөн толо малы бар”-деген калган. Себебин аныктасак Үчүке, Түлкүнү Жаңыл мырза атып салгандан кийин, иниси Кудаян кыргызга хан болуп, ушуну күтүп турган калмактар кол салып “Кыргыздар Кысарга көчүп, казактар кайың саап” калышкан экен. Анжиан тарапта Үчүкенин уулу Маматкул эл мингенди минип, эл ичкенди ичип жүрө берет. Бир күнү катуу жамгыр жаап, эл менен бирге суусундук ичип отурса, тебетейинен  тамчы шорголоп чынысына куюлуп жатат дейт. Аны көрүп, бирөө айтса керек: “Ай, Маматкул тебетейиңди силкип алсаң боло” –деп. Маматкул: “Силкир мезгилде силкийбиз!” –дептир. Чындыгы Маматкул тебетейин силкиген убак келген. Ал кыргыздын башына туруп тебетейин силкип, кыргыз жерин калмактардан бошотту. Маматкулдун тукумдары эл бийлеген: Болот, Темир, Эсенкул, Ниязбек,  Ормонхан, Черикчи, Төрөгелди, Шамен жана башкалар, аларга Маматкулдун балдары “Өлдүм, өлдүм дегендин, өзөн толо эли бар”-деген сөз калган.  Андан  Темир, Болот, Андагул, Көккөз, Берик.

 Маматкулдун ордун Темир эмес, уулу Болот ээлеген. Болот бийдин биринчи аялынан Аким, Айдарке, Таттыкөтөн, Дайырбек, Мураке деген беш бала болуп, алар «беш күрөң» деп аталып калган. Болот бийдин алтын бешикке бөлөгөн баласы Айдарке. Жинди  Айдарке алагүү болуп саяктар менен бозо ичип калат.  Айдаркени саяктар аттын байгесине сайдык деп, Ошондон улам сарбагыш-саяк урушу чыгып, жаш кезинде Ормон саяктын колунда калат. Ниязбекке киши жиберишсе, «Мага демектен Ормонду бышырып жегиле, мага калган балдарым деле жетет» деп койот. Экинчи аялы Таалаке энеден Кожомшүкүр, Эсенкул. Кожомшүкүрдүн тукуму «салыбек» Лахолдо жашашат. Учурунда Болот бий беш аялынан төрөлгөн балдарды Санчы сынчыга сынатканда сынчы балдарын көрүп:

- Болот, макул көрсөң сага тандап аял алып берейин. Ошондо сенин эле атыңды эмес, кыргыздын атын чыгарган, бардык жагынан төп келген баатыр уулдар туулат. - деп айтат. Болот бий Санчынын сөзүнө муюп, Таалаке деген отуз жети жаштагы жесир аялды алат. Болот бийдин үчүнчү аялынан Көчмурат, анын тукуму «көчмурат» деген ат менен белгилүү.

Болоттон кыргыз ханы Эсенкул төрөлөт. Эсенкул, ал алп денелүү адам болгон, согушта көп баатырдык көргөзгөн. Эл ичинде «чоңдугу Эсенкулдай» деген ылакап сөз тараган, «казык моюн Эсенкул» деп да аташкан. Эсенкул Болот уулу болжолу 1730–35-жылдар аралыгы туулуп, 1810-жылы, азыркы Токмок шаарында каза болгон. Ошол кездеги оң канат кыргыз урууларынын башында турган чоң манап. Кыргыз санжырасында ал жөнүндө «Баш койкоң» баатыр Эсенкул болгон делет, анын уулу Ниязбек “Ат качырбас боз айгыр” аталып, азыркы Воронцовкада турган Чүйдүн Боз-Бөлтөгүн бүт ээлеген. Кийин жерин солто туугандарына калтырып Кочкорго көчкөн. Эсенкул бешикте кезинде журтка унутуп кетишип, аман табылгандыгы үчүн эл ысымын Эсенкул коёт. Эсенкул калмактар менен болгон согушка жаш кезинде катышкан. Уламышта ал 16 жашында биринчи жолу жекеге чыгып, жеңишке жетишкен делет.

Казактын баатыры, кыргызга жылкы тийип, чаап кеткени келет. Ошол кезде Эсенкул  болгону он алты жашта болуптур. Бала жоо келгенин билип, аттын тизгинин жоону көздөй буруп, бет-маңдай чыгат да, жылкы тийип келген киши менен беттеше түшөт. Аны оңой аттан түшүрүп, колу-бутун таңып салат. Эртең менен баягы казактын баатыры таң калган экен да анан айтыптыр.

«Кечинде мени аттан түшүргөн баатырды көзүмө бир көргөзгүлөчү, ушул жашка чыкканы аттан түшүп, жеңилүү ызасын тартып көргөн эмес элем»-дейт. Эсенкулду көрүп. «Ушул жаш бала мени аттан түшүрдүбү? Мага кечинде оозун ачкан арстан кол салды. Оозунан от балбылдап күйгөн арстан көзүмө көрүнгөндө эмне кылаарымды билбей калдым. «- деп кийин Эсенкулга кызын берет.

18-кылымдын 2-жарымынан Түштүк Жети-суу аймагынан Жуңгар калмактарын сүрүп чыгарышкан соң казак-кыргыздардын ортосунда жайыт талашуу чатагы ырбайт. 1771-жылы Орто Жүз казактарынын султаны Көкжал Барак (Сан Барак) кыргыздарга жортуул жасайт. Ал Чүйгө келип, Шамшы аркылуу Кочкорго түшкөндө Эсенкул баатыр жетектеген кыргыз аскери Барактын 17 миңге жеткен колун Кочкор-Атага жакын жерде талкалап, султанды өлтүрүшкөн. Эсенкул баатыр кыргыздардын чек ара жерлерин казактардан сактоо максатында, саяктын катаган уругун башкарган кан Садырды Кетмен-Төбөдөн Таластын оозуна көчүрүп келген. Абылай хан 1779–80-жылы кыргызга жортуулга чыккан. Ал Жайылды балдары менен чогуу өлтүргөн. Жайыл кыргын деген мына ушундан калган. Абылай ханга кыргыздардын каршы күрөштү Эсенкул баатыр жетектеп, казактардын сазайын берет. 1785–1786-жылы казак султаны Бердикожо кыргызга кол салганда Эсенкул баатыр баштаган кыргыз аскери Бердикожонун колун талкалап, өзүн өлтүрүшкөн. 1786-жылы казак султаны Канкожо менен кыргыз башкаруучулары Эсенкул баатыр ортосунда жарашуу жөнүндө сүйлөшүүлөр болуп, казак-кыргыз арасы тынчыган.

Болот бийдин балдарынын ичинен атактуусу Эсенкул баатыр болгон. Анын атагы менен бүткүл Болот тукуму – «Эсенкул эли» деген атак алган. Эсенкул балдарынын ичинен элге кеңири таанымалы Анардын алты уулу Ниязбек, Карасарт, Куттуксейит, Абдыраман, Шоорук, Кубат жана Каракыз энеден Базаркул, Назар. Бул экөөнү бириктирип “Отонтой” деп койот. Эсенкулдун балдарынын ар бири бир өзөн сууну ээлеп жаткан. Эсенкулдун жети аялынан жыйырма бир уул болуп, Каз байбичеден Асанбай, Үсөнбай, Найман үч уул («чала манаптар» деп аталат), Анар ападан алты уул, Каракыз энеден Базаркул, Назар эки уул, төртүнчү аялдан Айтбай, Керим, Жапар, Саткын төрт уул, бешинчи аялдан Кудаяр, Сукан, Жайчы үч уул, алтынчы аялынан Бекмурат, Шаамурат эки уул, жетинчи казак аялдан Тойчу жалгыз болуп, бардыгы жыйырма бир. Эсенкулдун тонсуз балдары 21 болсо, тондуу балдарынан «жети кул». «Жети кул» уруусу солто ичинде да бар. Эсенкулду туурап Жамансарттын Түлөбердиси да «жети кул» күткөн.

Атам айтып калчу, Эсенкул жоодон кайтып келсе казан-аягын иреттеген кулдарынын бары Жунгарияны көздөй безеленип кетиптир. Эсенкул атынан түшпөй эле, кулдарынын артынан жөнөйт. Эптеп кулдарын табат, караса кээ бир кулдары томурайып, томурайып эле ээн талаага жатып алышыптыр. Бир топ ак ниет, эмгекчил, мыкты кулдары алачык жасашып ичине кирип жатып алышкан экен. Эсенкул баатыр жинин ээн талаада жаткан кулдарынан чыгарып, «Өз жанын бакпаган, мени бакмак беле» -деп бүт мууздатып салат да, алачык салып жатышкан ак ниет, эмгекти сүйгөн, каарман кулдарын алып келип, күң алып берип, тукумун улап калган экен. Азыркы «жети кулдар» ошол каарман, эмгекчил, берешен, ак ниет Эсенкулдун кулдарынын тукумдары болсо керек. Болуштук убагында сарбагыштын майда уруктарын «Борукчу» дешкен.

 

Последние новости