www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун жогорку комиссары Өзбекстанга келди

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Өзбекстандагы расмий сапарынын жыйынтыгында бийликке сунуштарын айтып, өз байкоолору менен бөлүштү.

«Мен жашоонун бардык – саясий-коомдук чөйрөлөрүндө гендердик ажырымды жоюу зарылдыгын айттым. Президент менен Сенат төрагасынын бул дисбалансты жоюу ниетин кубаттайм», — деди Фолькер Тюрк.

Ал мамлекеттик чиновниктер менен жолугушуу учурунда кыйноолорду жана ырайымсыз мамилелерди токтотууну, жарандык коомчулуктун реформаларга толук катышуусун камсыздоону, сөз эркиндиги менен журналисттерди коргоону, маданий укуктарды сыйлоону, мындан тышкары былтыр июлда болгон Нукустагы окуялардан сабак алууну сунуштаган.

Жогорку комиссар өзбек өкмөтүн адам укуктарынын эл аралык стандарттарына ылайык, бир жыныстуулардын мамилесин кылмыш катары карабоого, ар кандай шартта ВИЧ инфекциясын жуктурууну криминалдаштырган мыйзамды өзгөртүүгө үндөдү.

Фолькер Тюрк 13-15-март аралыгында Өзбекстанда болду. Ташкентте ал президент жана өкмөт өкүлдөрү менен жолукту. Андан соң Жогорку комиссар Каракалпакстанга сапар тарткан.

16-17-мартта Фолькер Тюрк Астанага барат.

Последние новости