www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү Жогорку кеңеш Курултай тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап кирип, аны кийин күн тартибинен чыгарып салды. Депутаттар – курултай мыйзам чыгаруу иштерине аралашса, анда парламенттин кереги эмне деген маселени көтөрдү. Спикердин сөзү да кызык, ал – депутаттардын сунуштарынын баары эске алынат деп сүйлөшүлдү деди. Ким менен сүйлөшүлгөнү белгилүү.

Былтыр май айында Жогорку кеңештин комитети мыйзам долбоорун өткөрбөй койгон, ага карабастан, бийлик баары бир ноябрда курултай өткөрдү. Депутаттардын айтымында, азыр сунушталып жаткан долбоордун ошол четке кагылган документтен айырмасы деле жок. Курултайчылардын пикиринде, бийлик азыр карапайым элдин кызыкчылыгын коргобой калды, ошондуктан, илгерки салтты жандантыш керек.

Бирок илгерки элдик курултайлар өнүгүп отуруп, акырында дал ушундай парламентке айланган. Кайсы бир кыштак өнүгүп-өсүп отуруп, шаарга айланса, айрым адамдар – шаар жаман экен, карапайым элдин кызыкчылыгын ойлобойт экен, ошондуктан, шаардын ичинде кыштак куруш керек деген сыяктуу.

Последние новости