www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы №494-VII жана 2022-жылдын 8-декабрындагы №719-VII токтомдору менен уюшулган «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын алтын казып алуусун жана сатуусун, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөн учурдан берки анын ишин изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу угулду.

Жыйынга «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын президенти Алмаз Барыктабасов, жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышты.

Бул маселе боюнча аталган комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев баяндама жасады. Ал белгилегендей, комиссиянын курамына Жогорку Кеӊештин төмөнкү депутаттары кирген: Н.Алимжанова, Н.Нарматова, И.Масалиев, М.Мураталиев, Б.Түлөбаев, Д.Ашимова, К.Ханджеза.

«Комиссия төмөнкү жумушчу иш сапары менен Кумтор кенине, «Кыргызалтын» ЖАКынын аффинаж заводуна, анын ичинде түрдүү тектердин курамын аныктоо боюнча Кара-Балта шаарындагы үч лабораторияга барып келип, ошондой эле өлкөнүн алтын запасын сактоочу жайлардын иши менен жеринде таанышып келди. Берилген маалыматтарды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча убактылуу депутаттык комиссия 2023-жылдын 30-январына карата КР Улуттук банкынын алтын запасы 45 306,16 кг түзөрүн белгиледи», — деди А.Малиев.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын ишинен бюджетке төлөөлөрдүн суммасы 2021-жылдын 18-майынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейин — 9 927 616,5 миң сом; 2022-жыл үчүн (01.01 тартып 31.12 чейин) — 34 751 669,6 миң сом; 2021-жылдын 18-майынан тартып, 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө бардыгы болуп — 44 679 286,1 миң сом түзгөн.

Ошондой эле А.Малиев алтынды сатуудан түшкөн каражаттарга тышкы карыздарды жоюу, алтынды Түркияга ташып чыгуу, алтын менен кошо казып алынган күмүштү сатуу, кен жатагындагы алтындын жана башка баалуу металлдардын запасынын калдыгы жана аларды казып алуу, глобалдык макулдашуу жана башка маселелерге токтолду.

Баяндамачы белгилегендей, иштин жыйынтыгы боюнча «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын, «Кыргызалтын» ААКысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан, алтынды казып алуу, сатуу, сакттоодо турган жана ташыган учурунда, убактылуу депутаттык комиссия уурдоо, жана сатылган алтындын санын жана сапатын, наркын атайын бурмалоо фактылары жок деген жыйынтыкка келет.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар «Кумтор Голд Компани» өлкөнүн тоо-кен өндүрүү тармагындагы эң ири ишканасы катары республиканын экономикасынын башкы салык төлөчүү экенин айтып, өндүрүштү өнүктүрүү, ишкананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу зарылдыгын белгилешти. Эл өкүлдөрү ишкананын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, калк арасында маалымат иштерин жүргүзүү боюнча маселелерди көтөрүштү.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан берилген сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен тиешелүү Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды.

Последние новости