www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери кафенин ашпозчусун сабаган шектүүлөрдү изин суутпай кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Мааылматка ылайык, Ысык-Көл РИИБне Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызында, 12-августтан 13-августка караган түнү, болжол менен түнкү саат 03.30 чамасында белгисиз үч жаран бычак менен коркутуп, Чок-Тал айылындагы "Солнышко" пансионатынын аймагында жайгашкан "Медуза" кафесинин ашпозчусун сабаганын билдирген. Жабыркаган Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну денесинен алган жаракаты менен райондук аймактык ооруканага жаткырылган.

Арыз райондук милициянын КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Ээнбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Чоӊ-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, кылмышка шектүүлөр тез аранын ичинде кармалып, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кармалгандар Чок-Тал айылынын 21 жаштагы А.Н., 24 жаштагы Ш.А. жана Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну А.А. болуп чыгышты. Сот тарабынан бөгөт коюу чарасы көрүлгөнгө чейин, шектүүлөр Ысык-Көл РИИБдин УКЖга киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости