www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматынын борборунда белгисиз жигит таанышуудан баш тарткан кызды сабап салган. Бул тууралуу жабырлануучу социалдык тармактарга жазып чыккан.

Анын айтымында, окуя 17 күн мурун Сатпаев көчөсүндө болгон. "Биз курбум менен дарыянын жээгинде отурганбыз, эки бала колдорунда сыра кармап келип, биз менен таанышкысы келген. Эки жолу сылык түрдө баш тарттык, кийин бирөөсү сөгүнүп, эмнеге таанышкыңар келбейт деп, байкатпастан муштап жиберди. Эсимди жоготуп коюптурмун, кийин 102, 103 кызматын чакырышыптыр" - деген ал.

Жабырлануучу кошумчалагандай, милиция кызматкерлери анын түн ичинде жүргөнүнө өзүн күнөөлөшкөн.

"Прокуратурага эки жолу арыз жазгам, ишти тергөөчүгө өткөрүп бергиле, алар административдик эмес, кылмыш ишин козгошсун деп. Биздин мыйзамдар ушундай экен. Арадан 17 күн өттү, табылбай жатат... Жаагым сынбаса дагы, психикамды талкаланды. Ишти оперлерге же тергөөчүгө берүүгө болбойт. Камера жок болгондуктан таппай жатышат", - дейт жабырлануучу.

Ал эми Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы аталган факты Бостандык РИИБине катталып, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген. 

"Шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жабырлануучу алган жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости