www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын бир нече жараны (аял кишилер) адам сатуу жана жашы жете элек балдарды сексуалдык кулчулукка сатуу боюнча айыпталып жатканын "Известия" басылмасына укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Маалыматка ылайык, 13 жаштан 17 жашка чейинки кыздарды Бахрейнге азгырып, паспортторун тартып алып, сойкулукка мажбурлашкан. Кыздардын бири каза болгон.

Булактын айтымында, кыздар Орусиядан кармалып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө 7-14 миң долларга сатылып, аларга жасалма паспорт берилген. Бахрейнде алардын документтерин тартып алып, айлап көчөгө чыгарбай, ур-токмокко алып, баңгизатын колдонууга мажбурлашкан.

«Жабырлануучулардын тапкан акчасы «Western Union» аркылуу кылмыштуу топтун башчысына жөнөтүлгөн», - деп айтылат маалыматта.

Басылманын маектешинин айтымында, кылмыштуу топтун лидери сексуалдык кулдардан айына 50 миллиондой киреше тапкан. Тинтүү учурунда чет элдик паспорттор, доллар жана евро менен накталай акча табылган.

Тергөө комитетинин РФнын Кабардин-Балкар Республикасы боюнча башкы башкармалыгы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө үч берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Алты жергиликтүү тургунга айып тагылган. Алар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости