www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын ФСБсынын кызматкерлери Челябинск бажысынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кесиптештери менен биргеликте Кыргызстандын тургунун кармашты.
Ал бажыда кармалган жүк ташуучу унааны пара менен кайтарууга аракет кылган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Челябинск бажысынын кызматкери пара алуудан баш тартып, бул фактыны начальниктерге билдирген.
«Ишкер бажы кызматкерине пара сунуштап, акча которууга аракет кылган учурда кармалган», — деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаа Бугристое постунун жанынан кармалган. Документтерге ылайык, ишкер автотетиктерди Алматыдан Екатеринбургга ташып келе жаткан. Бирок текшерүү учурунда бажы кызматкерлери жүк ташуучу унаада белгилүү бренддердин кийимдери жүктөлгөндүгүн аныкташкан.
Булак: NazarNews.kg