www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандагы уланып жаткан согуш калктын аялуу катмарларынын арасында массалык ачарчылыкка алып келиши мүмкүн.
Чет элдик маалымат каражаттарына таянып, бул тууралуу БУУнун өкүлү Карл Скау билдирген.
Анын айтымында, Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуулардын чектелиши күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө алып келди. Натыйжада дүйнө жүзүндөгү гуманитардык операциялардын чыгымы көбөйүп, азык-түлүк бааларынын өсүшү тездеп, Перс булуңу аймагынан жер семирткичтерди жеткирүүдө олуттуу көйгөйлөр жаралды.
Карл Скау белгилегендей, 2025-жылы 266 миллион адам ачарчылыктан жапа чеккен. Анын айтымында, быйыл дагы 363 миллион адам азык-түлүктүн курч тартыштыгына туш болушу күтүлүүдө.
БУУнун өкүлү кырдаал өзгөчө Афганистан, Сомали жана Шри-Ланкада оор экенин айтты. Анын пикиринде, аймактагы чыңалуунун сакталып турушу дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратууда.