www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкелеринде жана жол боюндагы коргоо аймактарында мыйзамсыз курулуштарды жана объекттерди жайгаштырууга жол берилбей турганын эскертти.

Министрликтин маалыматына ылайык, «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамга ылайык, жол тилкелеринин туурасы алардын техникалык категориясына жараша белгиленип, I–V категориядагы жолдор үчүн 32 метрден 12 метрге чейин түзөт.

Мындан тышкары, жол жээгиндеги коргоо тилкелери жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында өзгөчө коргоого алынат.

Бул аймактарда мыйзам боюнча жол сервисине тиешелүү объекттерди гана — аялдамаларды, унаа токтотуучу жайларды, эс алуу аянтчаларын жана башка ушул сыяктуу курулуштарды жайгаштырууга уруксат берилет.

Белгиленген талаптарды бузуу менен тургузулган бардык курулуштар мыйзамсыз деп табылып, аларды буздуруу иштери жүргүзүлөт.

Ошондой эле мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоого кеткен чыгымдар мыйзам бузган тараптардын эсебинен өндүрүлөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана уюмдарды автомобиль жолдорунун жерлерин пайдаланууда мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

Последние новости