www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылы Бишкек шаарында 50 миң көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин подкастында мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, келишимдер түзүлүп бүткөн жана көчөттөр февраль айынан тарта Бишкекке алып келине баштайт.
"Көчөттөр келгенде биз аларды дароо шаар ичине отургузбайбыз. Алгач питомникке тигип, алардын биздин шартка кандай көнүп жатканын, тамыр алып, өсөр-өспөсүн байкайбыз. Анткени, 2025-жылы 1500 дарак алынып келип, питомникке отургузулган, бирок алардын баары куурап калган. Ушул тажрыйбаны эске алуу менен көчөттөрдү алгач питомникке, андан кийин гана шаарга отургуза баштайбыз", - деп белгиледи мэр.