www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл чет мамлекеттерде эркинен ажыратылган Кыргызстандын жарандарынын ичинен 32 адам өз мекенине которулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылы Кыргызстандын соттолгон жарандарын түзөтүү мекемелеринде кармоонун шарттары менен таанышуу, ошондой эле аларды Кыргызстанга которуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымдоо максатында консулдук кызматкерлер чет мамлекеттердин 40 түзөтүү мекемелерине консулдук чыгууларды уюштуруп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын 286 жараны менен жеке жолугушууларды өткөрүштү.

«Быйыл чет мамлекеттерден Кыргызстанга андан ары жазасын өтөө үчүн Кыргызстандын 32 жараны которулган, алардын ичинен 29 – Россиядан, 2 – Казакстандан, 1 – Тажикстандан. Кыргызстандын дагы 43 жаранын которуу стадиясында турат, алардын ичинен 40 – Россиядан, 3 – Казакстандан», — деп айтылат маалыматта.

ТИМ белгилегендей, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине соттолгондордон жазасын өз мекенинде өтөө боюнча келип түшкөн бардык арыздар Башкы прокуратурага андан ары кароо үчүн жөнөтүлүп жатат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости