www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Өзбекстанга барат

Жакынкы арада президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик иш сапар менен барат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес форумунда билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу достук байланыштарды чыңдоо жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот. Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо пландалууда.

Болотов белгилегендей, Кыргызстандын Өзбекстанда Соода өкүлчүлүгүнүн ачылышы буга чейин өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоодо олуттуу жетишкендик болуп калды. Бул өкүлчүлүк биргелешкен товарларды жана кызматтарды алдыга жылдырууда, ошондой эле ишкерлердин ортосунда байланыштарды түзүүдө негизги ролду ойнойт.


 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости