www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдөн Кытайга каттоо үчүн дагы бир өткөрмө бекет ачылат

Жогорку Кеңеш 25-июнда Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында «Бедел» көзөмөл өткөрмө бекетин ачуу тууралуу макулдашууну үч окууда колдоду.

Парламенттин жыйынында Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев билдиргендей, «Бедел» бекети Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда Үзөңгү-Куш чек ара постунун жанында жайгашат. Анын ачылышы соода байланышка, товар ташууга оң таасирин тийгизет.

«Учурда Үзөңгү-Куш чек ара постунун жанында убактылуу көзөмөл өткөрмө жайын, жол салуу боюнча иштер башталды. Бирок кийин 2026-27-жылдарга чейин ЕАЭБдин талаптарына жооп бере турган бекет салынат», — деди ал.

Шаршеевдин айтымында, алгач убактылуу бекет ачылганда, ал жерден жарандар өткөрүлүп турат. Кийин бардык шарттары бар бекет салынганда, товар ташууга мүмкүн болот.

Макулдашууга ылайык, өткөрмө бекетин 77,8 млн сомго куруу пландалууда.

«Бедел» өткөрмө бекети ачылып калса, кыргыз-кытай чек арасындагы үчүнчү өткөрмө жай болуп калат. Учурда Нарында «Торугат» жана Ош облусунда «Эркечтам» бекеттери иштейт.

Белгилей кетсек, буга чейин «Бедел» чек ара бекети менен бирге Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен «Барскоон – Үч-Турпан – Аксу» унаа жолу салынары кабарланган.

 

Булак: NazarNerws.kg

Последние новости