www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш «Соттордун статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, соттук кызматка талапкер мамлекеттик тилди (кыргыз тилин) милдеттүү түрдө В1 деңгээлинде билиш керек. Ал «Кыргызтесттин» сынагынан өтүп, тиешелүү сертификатты алыш керек.

Бул норма учурда иштеп жаткан сотторго тиешелүү болбойт.

Долбоорго ылайык, соттолгондор, жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгондор жана оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн жазага тартылгандар дагы судья боло алышпайт.

Жогорку Кеңеш колдогон бул мыйзам эми президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости