www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Профессор, педагогика илимдеринин  доктору Ишенгүл Болжурова өлкөдөгү билим берүү мекемелерин «Сапат» лицейлери менен кызматташууга чакырат. Анын айтымында, «Сапат»  билим берүүнүн жаңы эл аралык моделдерин окутуу жана ишке киргизүү боюнча аянтча болуп бере алат.

ЖРТнын 2024-жылдагы жыйынтыгы чыгарылды.  Окутуунун алдынкы технологиясы менен биздин эң мыкты билим берүү уюмдарыбыз мурункудай эле Алтын сертификаттардын ээлеринин катарына киргендиги кубандырат. Бул № 61 гимназия, бирок 56 сертификаттын ичинен 13 Алтын сертификатка азыркы жана өткөн жылдардагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү ээ болушту.

Жалпысынан алганда 2003-жылдан тарта республикада ЖРТ, андан кийин Алтын сертификаттар киргизилген учурдан баштап бул лицейлердин окуучулары республиканын башка лицейлери менен мектептерине салыштырмалуу көп сандагы Алтын сертификаттарды алышат, акыркы 10 жылдын ичинде 120.

Мунун баары кыргызстандык балдарды жана жаштарды окутууда инновациялык педагогикалык шарттар жана методикалар, заманбап билим берүү технологияларын колдонуу жөнүндө күбөлөндүрүү менен ишке ашууда.

Республикадагы билим берүүдөгү абалды байкаган ар бир адамда «Сапаттын» окуучулары биология, химия, физика, информатика боюнча эл аралык олимпиадаларга катышып, өнүккөн өлкөлөрдүн окуучулары менен болгон татаал атаандаштыкта байгелүү орундарга ээ болуп жатканын көрүү толкунданууну жаратса керек. Сиздер алардын сыйлыктарын тапшыруу аземдеринде татыктуу чыгып жатканын көрдүңүздөр: кыргыз калпактарын кийип жана  өлкөбүздүн туусун сыймыктануу менен алып жүрүшөт!  Кыргызстанда бул билим берүү системасынын акыркы он жылдыкта окуучулар эл аралык олимпиадаларда жана долбоордук-предметтик олимпиадаларда 34 алтын, 108 күмүш 280 коло медалга ээ болушту!!

Баса, башка бир дагы мектеп жана лицейлер Сапаттыктардай дүйнөлүк олимпиадаларда республиканын аброюн көтөрө алган жок!

Ал эми республикалык олимпиадаларга келсек, бул системанын окуучулары дайыма байгелүү орундардын максималдуу санын алышат. Ошентип, 2024-жылы март айында 36 байгелүү орундун 20сын «Сапаттын» окуучулары утуп алган.

«Сапаттын» көптөгөн бүтүрүүчүлөрү жакшы билиминин аркасында дүйнөнүн АЛДЫНКЫ 100 жогорку окуу жайына, ошондой эле дүйнөнүн «Чырмоок лигасына» кирген университеттерине тапшырып жатканы да өлкө үчүн сыймык. Жогорку окуу жайларын аяктагандан кийин алар мекенине кайтып келип, билим берүү, маданият, шоу-бизнес, бизнес, саламаттыкты сактоо, курулуш, энергетика, айыл чарба, жеңил өнөр жай тармактарында эмгектенип жатышат.

Бүтүрүүчү класстын окуучулары менен Google, Apple, Microsoft, Meta (Facebook), Zoom, Netflix, Amazon, Samsung, Huawei сыяктуу дүйнөгө белгилүү компанияларда иштеп жаткан лицейлердин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушууларын өзгөчө белгилеп кетким келет, алар бүтүрүүчүлөрдү инсандык өсүү жана зарыл болгон максаттарды коюуга  шыктандырып, анын үстүнөн иштөөгө дем беришет.

Шериктештикти чыңдоо, тажрыйбалары, жетишкендиктери жана жаңылыктары менен бөлүшүү максатында «Сапат» бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы түзүлгөн. Ассоциация ар кандай спорттук иш-чараларды, бүтүрүүчүлөр арасында достук турнирлерин, ошондой эле бизнес-форумдарды өткөрөт.

«Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү улуттук кийимдерди сыймыктануу менен кийишип, элдин мыкты каада-салттарын, үрп-адаттарын алып жүрүшөт жана ар кандай эл аралык иш-чараларда өлкөбүздүн атын татыктуу чыгарып келишет.

Мунун баары кантип башталганын азыр эстеп олтурам… Ушул уюмдун лицейлеринин ачылыш салтанаттарына Кыргызстан менен Түркиянын жогорку мамлекеттик кызматта турган адамдарынын катышкандыктарын эстейм. Мен өзүм Түркиянын мурдагы президенти Абдуллах Гүлдү бул лицейлерге барарда тосуп алып жана узатып тургам…

Ар бир лицейдин ачылышына биздин көрүнүктүү окумуштуулар, маданият жана билим ишмерлери катышып турушкан, ал эми лицейге атын ыйгарарда Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун кандай толкунданганын элестетем. Азыр болсо, бул лицей Ч.Айтматовдун ысымы менен эс тутумун алып жүрөт.

Лицейлердин аттары  — биз сыймыктанган инсандардын ысымдары жана бул нерсе кыргыз элинин тарыхый эс тутумуна көрсөтүлгөн урмат-сый деп билем: Жусуп Баласагын; Манас; Семетей; Курманжан Датка; Курманбек баатыр; Исхак Раззаков; Хусейин Карасаев; Зияш Бектенов; Зуура Нурматова!!

Өз тарыхынын башында кыргыз жана түрк билим берүү жана маданиятынын достугунун символу болгон «Сапат» системасы 2010-жылдан бери ушул берекелүү уядан учуп, Европанын, Азиянын көптөгөн өлкөлөрү, Борбордук Азия, Канада, АКШ менен кызматташып, эл аралык билим берүү уюмуна айланды.   Лицейдеги 1100 мугалимдин ичинен 800дөн ашууну — бул биздин кыргызстандык мугалимдер.  Буга чейин бул системанын мугалимдеринин, бүтүрүүчүлөрүнүн чоң тобу түзүлгөн. Алар биздин билим берүүбүздө бардык жоопкерчилик, чыгармачылык, жаңычылдык менен, өзүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн дайыма жогорулатуу менен эмгектенишет. Ушул окуу жылында эле 335 мугалим магистрдик программадан өтүшөт.  Мугалимдер квалификациясын жогорулатуу менен Канаданын, Түштүк Кореянын, Англиянын жогорку окуу жайларынын сертификаттарын алышат…

Бул алтын алып келген билим берүү системасынын сыры эмнеде?

«Сапаттын» жамааты, жетекчилиги дүйнөлүк билим берүү рыногундагы жетишерлик катуу атаандаштыкты түшүнүп, биздин мамлекеттик билим берүү стандарттарына, базалык билим берүү программаларына көз салып, ыңгайлашып, дүйнөдөгү эң мыкты иштерди аткарып жатканында.

Ошентип, Кембридж эл аралык билим берүү жана баалоо системасы, ошондой эле STEM  окутуу программалары кабыл алынып, ылайыкташтырылган.  2023-жылы эле 11 «Сапат» лицейи ийгиликтүү өтүп, Кембридж аккредитациясын алышкан. Эстония менен заманбап окуу китептерин басып чыгаруу боюнча тыгыз иштешет.

Ошентип, быйылкы окуу жылында билим берүү мазмунун жаңылоо, эл аралык билим берүү стандарттарына, атап айтканда Кембриджге, Сингапурга жакындоо демилгеси менен чыккан билим берүү жана илим министрлиги «Сапат» бул системаларды ишке киргизүү тажрыйбасына көңүл буруусу керек.

Убакытты текке кетирбестен, республиканын бардык облустарында эмгектенип, кембридждик аккредитациядан өткөн «Сапат» лицейлери менен кызматташтыкта аларды облустардагы мамлекеттик мектептердин мугалимдери үчүн, билим берүүнүн жаңы эл аралык моделдерин окутууда жана ишке киргизүүдө аянтча кылса туура болмок.

Бул республикадагы билим берүүнү модернизациялоого салым жана «Сапаттын» дараметин пайдалануу болмок. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги үчүн мындай кадам министрлер кабинетинин 2024-жылдын 18-мартындагы «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» буйругун ырааттуу аткаруу боюнча чыныгы жана практикалык иш болмок. Анда төмөнкүлөр өзгөчө баса белгиленген: «Өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү адам капиталын өнүктүрүүнү камсыз кылуучу заманбап билим берүү тенденцияларына ылайык мектептик жалпы билим берүү системасын окутуунун 12 жылдык моделине этап менен өткөрүү жана билим берүү мазмунун жаңылоо».

Негизинен өлкөнүн билим берүүсү мелмилдеген бетте эмес, жаңы маалыматтык технологиялар, илимий фантастикалык жетишкендиктер агып жаткан каардуу океанда сүзүп жүргөн чоң кемедей көрүнөт.  Капитан бир катар чоң чакырыктарды жана коркунучтарды эске алышы керек: бул кемеде сиздин өлкөнүн бир нече миллион жараны бар: бул окуучулар, студенттер, мугалимдер, бул алардын ата-энелери жана коомчулук, экинчиден, туруксуз жана дайыма өзгөрүп турган билим берүү агымдары.  Кескин кыймылдардын алдын алуу, кемени чөктүрбөө жана аны максатка жетелөө – капитандын улуу таланты, акылмандыгы жана мамлекеттик мамилеси. Анткени ар кандай катаал, ойлонулбаган чечим билим берүү тармагында гана эмес, коомдо да туруктуулукту жаратышы мүмкүн.

Кыргызстандын жаштарын чын дили менен сүйгөн республиканын билим берүү системасынын абалы үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн сыркоолоп жаткан жаран катары биз мыйзамдуу түрдө сыймыктанган «Сапат» сыяктуу эл аралык деңгээлдеги көрүнүктүү билим берүү системалары менен бирге Кыргыз Республикасынын көптөгөн билим берүү уюмдары өсүп, эл аралык деңгээлде таанылып калат деген ишенимим бар. «Акылман» президенттик лицейинин келечегине өзгөчө үмүт жана ишеним артам.

Мамлекет башчысынын ар тараптуу колдоосунун аркасында «Акылман» президенттик лицейи «Сапат» лицейлери менен ийиндеш болуп өнүгөт деп үмүттөнөм.

Келечекте ХХI кылымдын бардык заманбап чакырыктарына жооп берген жаңы интеллектуалдык күчтү түзүү менен Кыргыз Республикасын иновациялык-экономикалык, социалдык-маданий өнүктүрүү үчүн берилген жана билимдүү жарандарды окутуу жана тарбиялоо менен бирге биздин кооз өлкөбүздүн дүйнөдөгү кадыр-баркын мындан ары да көтөрүшөр.

2023-2024 окуу жылы аяктады.  Бүткүл билим берүү системасы үчүн бул оңой болгон жок: жаңы демилгелер, аны модернизациялоого умтулуу, мугалимдердин жана республиканын профессордук-окутуучулук курамынын алдында жаңы кыйынчылыктар.  Билим берүү, сабатсыздыкты жоюу маселелери артыкчылыктуу болгон тарыхта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына туш келген жаңы окуу жылы позитивдүү болот деп ишенели.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости