www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евро-2024: Грузия Португалияны жеңди

2024-жылдагы Европа чемпионатынын тайпалык этабындагы үчүнчү матчта Грузия курамасы Португалиянын футболчуларын жеңди.

Оюн Германиянын Гельзенкирхен шаарындагы “Фелтинс-Арена” стадионунда өтүп, 2:0 эсебинде грузиндердин пайдасында жыйынтыкталды. 2-мүнөттө чабуулчу Хвича Кварацхелия дарбазага топту таамай киргизсе, ал эми 57-мүнөттө Жорж Микаутадзе пенальти менен командасын алдыга чыгарды.

Муну менен Грузия D тобунда үчүнчү орунду ээлеп, 4 упай менен Евро-2024 мелдешинин плей-офф баскычына жолдомо алды.

Турнирдин 1/8 финалында биринчи жана экинчи орунга ээ болгон Португалия менен Түркия беттешет. 1/8 финалдын матчтары 29-30 июнда өтөт.

Белгилей кетсек, футбол боюнча 2024-жылдагы Европа чемпионаты Германияда 14-июндан 14-июлга чейин болот. Ага 24 команда катышууда.

Последние новости