www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коми Республикасында «Воркута – Новороссийск» багыты боюнча бара жаткан №511 жүргүнчү ташыган поезддин тогуз вагону рельстен чыгып кетип, 70тен ашык киши жаракат алды. Бул тууралуу РЖД билдирди.

Жалпысынан поезддин 14 вагонунда 232 жүргүнчү болгон.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, поезд «Инта» темир жол станциясынан чыккандан көп өтпөй кырсыкка кабылган.

Орусиянын Тергөө комитети болжолдуу маалыматтарга таянып, кырсыкта каза болгондор жок экенин билдирди.

Shot телеграм-каналы оодарылып кеткен вагондордун алдында калган алты жүргүнчүнүн абалы оор экенин жазды.

Mash телеграм-каналы кабарлагандай, кырсыкка темир жол жээгине төшөлгөн топурактын желип кеткени себеп болушу мүмкүн. «Интерфакс» агенттигинин маалыматына караганда, машинист темир жол жээгиндеги абалды болжолдуу түрдө баалап, поездди чукул токтотууга аракет кылган.

Кырсык болгон аймакта темир жол кыймылы убактылуу токтоду. Тергөө комитети бул факты боюнча «Темир жол транспортун эксплауатациялоодо коопсуздук эрежелеринин бузулушу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Последние новости

ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
1008
02.07.2024 13:11