www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз анимациясынын негиздөөчүсү Сагынбек Ишенов көз жумду

Бүгүн, 27-июнь күнү Кыргыз эл артисти, сүрөтчү Сагынбек Ишенов 90 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кыргыз көркөм сүрөт өнөрүн жана кыргыз киноискусствосу менен кыргыз мультипликациясын Сагынбек Ишеновдун ысымысыз элестетүү эч мүмкүн эмес.

Сагынбек Ишенов 1934-жылы 5-апрелде Чүй облусундагы Дөң-Арык айылында төрөлгөн.

1951-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, 1955-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Москвадагы Бүткүл Союздук Мамлекеттик Кинематографисттер Институтунун “көркөм сүрөт” факультетине тапшырып, 1961-жылы “сүрөтчү коючу” адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

Чыгармачылык жолун 1961-жылы “Кыргызфильм” киностудиясына ишке кирип, 1962-жылы кинорежиссёр Мелис Убукеевдин “Тоо суусу” даректүү тасмасында, 1963-жылы режиссёр Марианна Рошальдын “Космонавттар көчөсү”, 1965-жылы Бекеш Абдылдаевдин “Тил алчаак”, 1966-жылы Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” фильмдеринде сүрөтчү-коючу катары иштөө менен баштаган.

Сагынбек Ишенов көркөм адабияттарды, окуу куралдарын да жасалгалоодо эң мыкты сүрөтчү катары иштеп, балдар адабиятына да салым кошо алды. Бир кезде Союз убагында жарык көргөн көптөгөн китептердин мукабасын жасалгалап, балдардын табитине ылайыктап мыкты сүрөттөрдү тарткан.

Сагынбек Ишенов кыргыз мультипликациясына да сиңген эмгеги зор. 1976-жылы “Кыргызфильм” киностудиясынын алдында жаңыдан уюшулган “Кыргызмультфильмге” жетекчи болуп дайындалып, алгачкы кыргыз мультфильми болгон “Сандардын чатагы” экранга чыккан. Андан тышкары “Олокон”, “Меке чал менен Кара дөө”, “Эки бөжөк”, “Портрет”, “Толубай сынчы”, “Толубай сынчы”, акын Алыкул Осмоновдун бейнесин ачуу үчүн “Калыптануу. Акын Алыкул Осмонов” аттуу мультипликацияларды чыгарган.

1966-жылы СССР Кинематографисттер Союзуна, 1967-жылы СССР Сүрөтчүлөр Союзуна мүчөлүккө алынган.

1992-жылы бир топ жылдык эмгеги эске алынып, Кыргыз эл артисти наамы ыйгарылган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости