www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда балдарды диний билим берүүгө мыйзамсыз тартуу үчүн жаза киргизилет.

Ата-энелерге баласын каттоодон өтпөгөн диний уюмдарга же тийиштүү билими жок адамдарга окууга жиберүүгө тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды, деп билдирет Kazinform UzNews агенттигине шилтеме берип.

Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйынында “Балдардын укуктарын мындан ары чыңдоо боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынды.

Мыйзам долбоору менен Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 47-беренесин ата-энелер же аларды алмаштырган адамдар тарабынан баланы диний билим берүү процессине мыйзамсыз тартуу үчүн администрациялык жоопкерчиликти белгилеген кошумча бөлүктөр менен толуктоо каралган. Алсак, баланы диний билим берүү процессине мыйзамсыз тарткан учурда негизги эсептик сумманын 10дон 15ке чейинки өлчөмүндө (эң аз айлык акынын ордуна колдонулган) айып салынат.

Эгерде ошол эле укук бузуу администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанса, анда 15тен жыйырма бешке чейинки өлчөмүндө айып салууга же он беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет.

Мындан тышкары, ата-энелер же аларды алмаштырган адамдар тарабынан мыйзамды бузуу менен баланы диний билим берүү процессине тартууга жол берилбейт. Башкача айтканда, Өзбекстандагы диний уюмдардын борбордук башкаруу органынын уруксатысыз каттоодон өтпөгөн же лицензиясы жок уюмдарга же атайын диний билими жок жана диний билим берген адамдарга баланы диний билим алуу үчүн берүүгө тыюу салынат.

«Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы балдардын билим берүү тармагындагы укуктарын коргоого, алардын диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фанатизмдин идеяларынын курмандыгы болуусуна жол бербөөгө кызмат кылат», – деп белгилешти депутаттар.

Последние новости