www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-сентябрда таңга маал Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулар Бишкекке учуп келди.
"Манас" аэропортунда маалымат жыйын өтүп, анда журналисттер дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовдон анын жеңишинен кийин нике шакегин таккан манжасын көрсөткөнүнүн маанисин сураган.
Махмудов чемпионатка даярдануу учурунда машыктыруучу жана ата-энеси менен үй-бүлө куруу боюнча сүйлөшкөнүн айтты.
"Анда дүйнө чемпиону болсоң үйлөнүүгө уруксат беребиз дешкен. Мен өз каалоом менен бул жолго бара албайм. Ата-энем, агайларым туура көрсө, быйыл үйлөнөйүн деп ойлоп жатам. Мага сөз беришкен: "Сен дүйнө чемпионатын утсаң үйлөнөсүң" деп. Мен өз сөзүмө турдум, эми...(машыктыруучулары жакты карап)", - деп жооп берген балбан.
Ушул эле суроо Акжолдун атасы Мухамед Махмудовго дагы узатылды.
"Кыздар, Акжол быйыл үйлөнбөйт. Анын эки агасы бар, алар үйлөнгөндөн кийин кезек Акжолго жетет. Бексултан деген баламды биринчи үйлөнтүшүм керек. Бексултанга тием деген кыз болсо телефон номерин берейин. Бою 170 см жана сулуу болсун, кастинг жарыялайбыз", - дейт балбандын атасы.
Белгилей кетсек, Махмудов Кыргызстандын эгемен тарыхында грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпиондугуна жеткен биринчи балбан болуп калды. Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (2019, 2021) жана Мээрим Жуманазарова (2021) дүйнө чемпиону.
Булак: NazarNews.kg