www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Казакстандын "Тыныс" заводунун базасында Россиянын Калашников автоматынын АК-12 жана АК-15 сериялары чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Өлкөнүн индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги 2022-жылы коргонуу ишканалары бир катар аскердик техника чыгарууну пландап жатканын билдирген.

Калашников автоматынан тышкары Ми-171Ш тик учагы куралып, Airbusу учактарын тейлөө боюнча сервистик борбор ачылат. Андан сырткары, мамлекеттик чек араны коргоого багытталган техникалык каражаттар даярдалат, ошондой эле дөңгөлөгү сооттолгон "Барыс 8х8" унаасы чыгарылат. Мындан башка дагы өндүрүш пландалган.

Россия менен Казакстан Калашников автоматын коңшу өлкөнүн аймагында чыгаруу тууралуу сүйлөшүүнү былтыр жайында баштаган.

"Калашников" ишканалар тобу ар кандай класстагы ок атуучу куралдарды чыгарып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости