www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Аферист» атка минерлердин диплому текшериле баштады
Башкы прокурор Курманкул Зулушев жеңин түрүнүп алып ишке кирише баштагандай. Кантсе да учурунда азаттык алып келген адамдарын коргой баштагандай. Ал учурда дипломду сатып алган «чиништерге» каршы чабуул баштаганын билдирди. Экс-депутат, СДПК фракциясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков жалган диплом менен жүрөт деген сөз менен депутаттыкка талапкердигин алып салган. Бирок БШК тыкыр текшерип мурунку «Ата-Мекен» партиясы менен парламентке жарышка чыгып, бул жолу социал-демократтар менен жарышка чыгып жаткан Рыскелди Момбековго парламенттик шайлоого жарышка чыгууга уруксат берген. Социал-демократтар парламенттик шайлоодон жеңилип, Рыскелди Момбеков мурунку атаандашы Элвира Сурабалдиева менен атаандаш болуп катталган. Бул жолу БШК ага уруксат берген эмес. Азыр бир гана Рыскелди Момбеков эмес бардык атка минерлердин дипломдору катуу изилденип жатканын Башкы прокурор Курманкул Зулушев саймедиреди.

Прокурорлорду башынан эле монстрлар деп аташа турган, бирок көзү жокто. Башкы прокурорлор кимдер: Баекова Чолпон, Шаршеналиев Асанбек, Абышкаев Чубак, Мыктыбек Абдылдаев, Азимбек Бекназаров, Табалдиев Бусурманкул, Конгантиев Камбаралы, Сатыбалдиев Элмурза, Турсункулов Нурлан, Ибраев Байтемир, Кубат Байболов, Аида Салянова, Индира Жолдубаева, Өткүрбек Жамшитов Башкы «монстрлар» катары иштеп кеткен. «Чимкирик» болсо да депутат  Дастан Бекешов капчыгында миллиондору жок, эмки парламентке депутат болуп шайланбасын билип, прокуратураны «монстрларга» теңеди. Аны Кулов «Ар Намысы» менен алып келген, Куловду ар намысы менен сатып, АКШка кирип-чыгууга  5 жылдык виза алып, Атамбаевдин СДПКсына чимкиригин тазалабай барып депутат болгон. Эми аны ким депутат кылар экен, көрө жатарбыз.

Башкы прокуратуранын «монстрлары»  көбөйүп баратат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында айткан. Ал ал кездеги депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө жана Улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматы жоюлганына байланыштуу прокуратура органдарында кызматкерлер көбөйөрүн билдирген. Зулушев жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматында иштегендердин 10 пайызга жакынын өздөрүнө алуу, резервде турган кадрлар арасынан тандоо жана жаш адистерди үйрөтүү караштырылып жатканын айткан. Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин өкмөткө, аткаруу бийлигине бүтүндөй өлкө боюнча дагы 145 тергөөчү алуу тууралуу сунуш кире турган болду. Учурда прокуратура  кодекстердин кабыл алынышын күтүп жатат, андан кийин тергөөгө байланыштуу ишти баштайт. Өткөн аптада президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы кызматты жойгон. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы болсо март айында жоюлган.

Жогорку Кеңештин жыйынында Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстеринин жаңы редакциясы биринчи окуудан каралып жатат. Мыйзам долбоорун парламентте башкы прокурор Курманкул Зулушев тааныштырды. «Жумушчу топ үч ай бою тынымсыз иштеди. Алар бир тыйын айлык алышкан жок. Эксперттер «сот системасы, укук коргоо органдары иштей албай калды, мамлекеттин келечеги үчүн иштейли» деген адамдар экен. Кодекстердин жаңы редакциясын кесипкөй адистер жазды», - деди Зулушев. Бир тыйын айлык алышпаса чет өлкөлөрдөн келген 33 миллион евро каякка жумшалды? Эске салсак, Зулушев 28-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында 2019-жылы ишке кирген кодекстерди иштеп чыгууга жалпы 33 млн. евро кеткенин маалымдаган.

Кодекстерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган. Аларды 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ иштеп чыккан. 2020-жылы октябрь окуясынан кийин келген бийлик 2019-жылы кабыл алынган беш кодексти өзгөртүүгө киришкен. Ага ылайык, Жоруктар кодекси таптакыр жоюлат.

"Учурдагы кодекстерди иш жүзүндө колдонууда бир катар кыйынчылыктар келип чыккан", - деп Жогорку Кеңештин комитет жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди. Башкы прокурор кодекстердеги кемчиликтерди жоюу максатында атайын эксперттик топ түзүлгөнүн белгиледи. Эксперттик топ кодекстердин жаңы редакциясын иштеп чыккан. Ал сунуш кылынган мыйзамдар менен кодекстердин долбоорлору жөнүндө айтып берген. "Азыркы кодекстер жазаларды тутумдаштырат деп болжолдонгон, бирок иш жүзүндө бардыгы тескерисинче болуп калды, кылмыштардын айрым түрлөрү үчүн жазалар күчөтүлгөн. Мисалы, өзүнчө беренелер боюнча, соттор мурда соттолбогон жаш жигиттерди түрмөгө камоого аргасыз болушкан, анткени бир жаза 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө каралган. Сунуш кылынган кодекстердин долбоорлору укук колдонуу практикасын, акыйкаттык принцибин эске алуу менен иштелип чыкты", - деген Зулушев. Ал Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясынын кабыл алынышы менен, азыркы Кылмыш-жаза кодекси күчүн жогото турганын кошумчалады.

.Анын жүрүшүндө сөз алган депутат Дастан Бекешев Башкы прокуратуранын дарегине сын айтты: «Урматтуу Курманкул Токторалыевич, азыр Башкы прокуратура «монстр» болуп кетти да. Мыйзамды жазат, мыйзамды сунуштайт, отургузат, тергөө жана башка бир топ ыйгарым укуктары пайда болуп калды. Башкы прокуратура жана прокуратура органдары адам укуктарын сактабай калды.Сиздин учурда эле канча киши жөн эле СИЗО УКМКга тыгып, пока күрөөнү төкмөйүнчө чыкпайт. Андай болбош керек да. Бул мыйзамсыз да. Бул мыйзам долбоорлорун окуганда мен таң калдым. Жаштар айтышат: «Депутат болоюн деген ниетим бар» деп. Чындыгында депутат мындай эле болуп калды. Эми көбүнчө жарандарда Башкы прокуратурада иштейм деген ниет болуп калат да. «Монстр!», Башкы прокуратура. Өзүңөр эле мыйзамдарды жазасыңар. Мына, Жогорку сот «замечание» берип жатат, эч ким аларды укпайт. Кайсы мамлекетте биз жашап калдык? Бул мыйзам долбоорлору менимче адамдын укуктарын сактабайт го...

Курманкул Зулушев: - Рахмат, сурооңузга. Сиз таң калбаңыз, биз Кыргыз мамлекетинде жашап жатабыз. Баш мыйзамда мыйзам демилгелөө укугу Жогорку сот менен Башкы прокуратурада бүгүн керек экени боюнча берилди. Анткени, азыркы кодексте өзүңүз билесиз, канча кемчиликтер болуп жатат.

Мына, бүгүн да ушул мыйзамдын алдында карадыңыздар. Шайкеш келтирели, иш жүрбөй жатат деп ички иштер кызматкерлери суранып жатат. Ошондой кесепеттер, эгер мыйзамда мүчүлүштүктөр болсо тез арада прокуратура менен сот системасы гана сиздерге алып келе алат. Кабыл алуу сиздердин — Жогорку Кеңештин колуңуздарда.

Экинчиден, прокуратура «монстр» болуп кетти дейсиз. Прокуратурада бул укуктар буга чейин болгон. Буга чейин иштеп келген. Ошол иштеп жаткан системаны талкалоонун айынан бүгүнкү күндө ушундай абалга келдик. Жаңы түзүлгөн органдар калыптанып, иштеп, мамлекетке ыңгайлуу болушу үчүн көп убакыт болушу керек экен. Мына, Финансы полициясы өзүн-өзү актабай, коррупцияга белчесинен батып жоюлду.

АКС да жоюлганы турат (ред. — УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы президент Садыр Жапаровдун 25-июндагы жарлыгы менен жоюлган). А прокуратуранын 95 жылдык тарыхы бар. Прокуратура мыйзамдын так, бирдей аткарылышын көзөмөл кылат. Мыйзамды так билген адам «монстр» болбойт, коркуу сезими бар.

Ошондуктан, бүгүнкү кабыл алып жаткан кодекстерде прокуратура системасы өзүнүн милдеттерин так аткарат деп ойлойм. Ал эми акыркы камоолор боюнча айтып жатасыз. Сиздер акыркы кабыл алган кодекстердин негизинде камалып жатышат. Шектүү катары камалып жатат. Эгер алардын айыптары угузулуп, айыбы бекитилсе, ар биринин мыйзамдуулугун карайбыз.

Жогорку Кеңештин жыйынында Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстеринин жаңы редакциясы биринчи окуудан каралып жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости