www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурдун Улукманы катары медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине Эмгек сиӊирген ишмер жана Эмгек сиӊирген дарыгер Сабырбек Жумабековдун ысымын атоого болот. Жаштыкта жерге бир тал чыбык тиге албасак, карыганда көлөкөсүнө жашынаар бак издеп калабыз.
425 илимий эмгектин, 78 ойлоп табуучулук жана рационализаторлук сунуштун, 4 монографиянын автору. 6 илимдин докторун, 32 илимдин кандидатын даярдаган. Демек Сабырбек мырзанын үзүрлүү эмгегинин натыйжасы мына ушунда.
- Сизди медицина тармагынан эӊ алдыӊкы катардагы доктор, кыргыздын чыгаан уулу катары билебиз, ал эми ааламга аты чыккан ортопеддин бул туурасында өз оюн уксак…
- Менин ишмердүүлүгүмө менден дарыланып кеткен бейтаптарыбыз баа берсе туура болчудай. Чындыгында мени көп чет мамлекеттерде таанышат, көп ортопеддер чакырышат, тажрыйба алмашып, биргелешип операция жасаган учурларыбыз болду.
- Ары татаал, ары кызыктуу кесипти тандаш эмне себеп болду?
- Мен бул кесипти тээ бала кезимде тандаганмын. 10 жашымда атамдын буту ооруп, 3 жыл катары менен Фрунзеге (Бишкек) келип дарыланып жүрдү. Жаңы көзүнө көрүнгүдөй кыйналды. Биздин айылда согушка катышкан Анарбек Иманалиев деген хирург бар эле. Ошол жөнөкөй эле айылдык хирург дарылап, сөөктү чукуп, ичиндеги ириӊди алып чыгып, атамдын буту бир айдын ичинде айыгып кетти.
Балалык кыял менен математикти эӊсеген бала «сөөктүн дарыгери болом» деген чечимди кабыл алды. Бул мага оӊой болгон жок. Себеби атамдын улуу агасы математикадан сабак берип, мектептин директору болчу. Мен ошол кишидей математик болом дечүмүн. Анан сөөк врач болом деп калдым. Ортопед-травмотолог дегенди кайдан билдик? Сөөк көрсөм эле баса калып, ичинин баарын карап, анатомияларды окучумун.
Чөптүн арасынан бака кармап алып, чалгы менен ичин тилип, текшерип чыкчумун. «Ботаника», «Зоология», «Киши» деген сабактарга абдан кызыкчумун. Ошентип медицина институтуна өз каалоом менен тапшырып, окуп калдым. Украинада 8 жыл ичинде докторлук ишимди жазып, 30 жашымда Москвадагы академиядан жактап, 1995-жылы Кыргызстанга келгем. Ошондон бери иштеп келе жатам.
- Иш билги инсанды кыйынчылыктар курчутат экен…
- Албетте кыйын күндөр көп болот. Себеби оор операциялардын бары эле кыйын. Айрыкча, мен жасаган операциянын бары татаал. Мисалы бүгүн мен 3 омуртканы, эки жамбаш менен кашка жиликтин башын, бир тизени алмаштырдым. Мындан сырткары, жаш балдарга 3 операция жасадым.
Азыр кабылдамада 30дан ашуун бейтап тизме менен жазылып, күтүп отурушат. Булардын баарын көрүшүм керек. Менин иш күнүм күндө ушундай. Жеӊил операциям жок. Баары адамдын өмүрү менен байланыштуу. «Кудай колдой көр, мен жөн гана себепчимин, бысмылда» - деп туруп, анан операцияны баштайм.
- Айдын жарымы ак, жарымы караӊгы болот го. Нааразычылыктарын билдирген бейтаптар болдубу?
- Албетте. Адам баарына жагышыӊ кыйын. Ошон үчүн пендебиз да. Жакынкы күндөрү бир бейтап ММКларга мага болгон нааразычылыгы тууралуу маалымат бериптир. Өзү келбестен журналисттерди жөнөтүптүр. Эгер мага болгон нааразычылыгы болсо, бет маӊдай сүйлөшүүгө не жетсин, туурабы?
Өзүӊөр көрүп тургандай, үмүт менен келген бейтаптардын саны арбын. Мен ушул убакка чейин бир дагы бейтапты кабыл алмайынча кетирбейм. Баарына тегиз мамиле жасаймын. Эч убакта кызмат абалына, жашоо шартына карап мамиле жасабаймын.
Тескерисинче, ошол бей-бечараларга өзгөчө көӊүл бурууга аракетим күч. Себеби, кандай бейтап болбосун, алардын көзүнө тигилсеӊ үмүттүн шооласын баамдайсыӊ. Адам ооруганда жаш баладай эле болуп калат. Доктурлар бейтаптарга гумандуу болуусу шарт.
P. S. «Атагым чыкканын каалайм, бирок ал баламдын бешигине, анан атамдын көрүнө жарык берип турса болду» деген экен бир аалым. Кандай болгон күндө да, адам баласы бул жарыкчылыкка келген соӊ атын түбөлүк калтырууга белсенет экен. Албетте! Негизи бул жалган дүйнөгө келген вазыйпасы ушунда көрүнөт бейм, атыӊды артында мурас кылып калтыруу, жашоонун философиясы ак жана карадан турат эмеспи. Академик Сабырбек Жумабековду кимдир бирөөлөр аркылуу каралагысы келгендер да жок эмес.
Мындайда атак-даӊктын да оӊ жана терс жактары болот. «Даӊкка жараша жүк» көтөрүүгө туура келет. Бирок бүгүнкү күндө башка маселе турат. Сабырбек Жумабековдун атын каралагандар бар. Ортопед андай адамдарга кадыр-баркын түшүрбөй, өз дараметин жоготпой, тескерисинче, мурункусунан да күчтүү, алда канча курч болуп келүүдө. Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет, эр-жигиттин кадырын агайын билбей, жат билет демекчи, Сабырбек Артисбекович дүйнө элинде абройлуу.
Анын уникалдуу операция жасаганын чет мамлекетте айраң таң кала алакан чаап, кадырлап барктап келишет. Канчалаган жардамга муктаж бейтаптарга бекер операция жасаганын көбү биле бербесе керек. Бизде ушундай болуп калды, өзү иштей албайт, иштегендерди көрө албайт. Кыргыз качан бир-бирибиздин ийгилигибизге ортоктош болуп сүйүнөбүз, ошондой күн келеби, деги?! Ушул темпте жүрүп олтурсак аны да айтыш кыйын. Эх! Кыргызым....
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg