www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районундагы № 83 Алишер Новои мектебинин мугалими 8-класстын окуучусунун бутун сындыра тепкени үчүн кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев билдирди.
Бул окуя боюнча жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен мугалим И.У.га КР Кылмыш жаза кодексинин 131-беренесинин 2-бөлүмүндөгү 3-пунктуна (денеге атайылап оор эмес зыян келтирүү) ылайык, кылмыш иши козголду.
“Учурда шектүүгө айыбы угузулуп, бөгөт чарасы катары эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алынды”,-деди Аширбаев.
Ушул жылдын 26-январында, дене тарбия мугалими (ал өзү мектеп директору да болгон) сабак учурунда окуучуну сабакка катышуусун талап кылып, бутуна тепкен. Андан баланын тизеси сынганы айтылат. Мындан улам окуучу ооруканага түшкөн. Ал эми мугалим мектеп директору болгондуктан, өз арызын жазып, иштен кеткени кабарланган.
Январь айында мындан сырткары, Чүй облусунда окуучу менен мугалимдин ортосундагы кайым айтышкан видео тараган. Ал чырдан кийин мугалим иштен кеткени коомчулукта катуу сынга алынган.
Билим берүү жана илим министрлиги өткөн жылы баласы ур токмоко алынган ата-энелерден арыз түшпөгөнүн билдирген. Тескерисинче, мугалимдердин ата-энелер тарабынан сабалганы боюнча арыздар бар экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg