www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде (КМШ) быйыл эки биргелешкен чек ара операциясын өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу КМШнын Чек ара аскерлеринин командирлер кеңешинин Координациялык кызматынын төрагасы, генерал-полковник Александр Манилов билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы негизги көңүл 2025-жылдын 10-октябрында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен бекитилген 2026–2030-жылдарга карата КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы чек аралардагы коопсуздукту чыңдоо боюнча кызматташтык программасын ишке ашырууга бурулат.

Ошондой эле Шериктештик өлкөлөрүнүн ортосунда чек ара тармагындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган эки мамлекет аралык документти кабыл алууга коштоочу колдоо көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, Беларусиянын аймагында өтө турган «Батыш-2026» жана Өзбекстандын аймагында уюштурула турган «Дустлик-2026» аттуу эки биргелешкен атайын чек ара операциясын өткөрүүгө ар тараптуу жардам көрсөтүү каралган.

КМШ Аткаруу комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, өткөн жылы Россия менен Кыргызстандын чек ара ведомстволору тарабынан уюштурулган биргелешкен атайын чек ара операцияларына 30 миңден ашуун аскер кызматкери катышкан.

Последние новости