www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы эл аралык кызматташтыкты ырааттуу түрдө бекемдеп, аймактык жана глобалдык транспорттук процесстерге активдүү интеграцияланып келет. Ишкана КМШнын Темир жол транспорту боюнча кеңеши, Темир жолдордун кызматташуу уюму, Түрк мамлекеттеринин уюму, Шанхай кызматташтык уюму жана башка платформалар сыяктуу негизги эл аралык темир жол уюмдары менен кызматташат. Акыркы учурда «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы чет элдик темир жол администрациялары, логистикалык компаниялар жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктү бекемдеп, эл аралык кызматташтыгын бир топ күчөттү.

2025-жылы кол коюлган эң маанилүү документтердин катарында төмөнкүлөр бар:

- Иран темир жолдору менен ташууларды жана транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык жөнүндө Меморандум;

- Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясы менен Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

- Германиянын «Rhenus SE & Co. KG» компаниясы менен контейнердик логистика жана терминалдык инфраструктура жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну караган Меморандум;

- Швейцариянын «Schwihag AG» компаниясы менен рельс бекиткич системалары жана жебе котормолорунун элементтери жаатында маалымат жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык жөнүндө Меморандум;

- Кытайдын «Shaanxi Huisen Kaiyuan Enterprise Management Co. Ltd.» компаниясы менен Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын аймактарында темир жол терминалдарын куруу, эксплуатациялоо жана модернизациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү максатындагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;

- Кореянын «Hyundai Rotem Company» компаниясы менен темир жол долбоорлорун ишке ашыруу, техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоо, жаңы технологияларды киргизүү жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн кызматташтык жөнүндө Меморандум.

Мындан тышкары, РКӨФ (Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду), «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин жана «НПЦ ПРОМТЕХ» ЖЧКнын ортосунда «локомороботторду» өндүрүүнү жергиликтүүлөштүрүү боюнча инвестициялык долбоорду алдын ала ишке ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Бул жылдагы маанилүү окуя - Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын башчыларынын үчүнчү жыйыны болду, анда жүк ташуу, контейнердик жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү, транзиттик потенциалды кеңейтүү жана Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын илгерилетүү маселелери талкууланды.

Акыркы учурда «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы өзүнүн адам ресурстарын өнүктүрүүгө, кызматкерлерди чет өлкөлөргө квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик өнүгүү үчүн жөнөтүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагында Кытай Эл Республикасында, Түркия Республикасында, Россия Федерациясында жана башка өлкөлөрдө окутуу жана тажрыйба алмашуу жүрүп жатат. Квалификацияны жогорулатуу программалары инфраструктураны жана кыймылдуу курамды иштетүүнү жана тейлөөнү, темир жол процесстерин санариптештирүүнү, жол кыймылынын коопсуздугун жана ташууларды башкарууну камтыйт.

Последние новости