www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка аймактык башкармалыгына караштуу А.Шакиров көчөсүндө кезектеги таңкы рейд өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө аталган көчөдө жайгашкан бир катар коммерциялык багыттагы объекттер муниципалдык жер тилкесине мыйзамсыз курулгандыгы аныкталды. Алардын ичинде экс-вице-мэр Ж.Азимовго таандык имарат бар экени белгилүү болду. Мэр мыйзам бузган объекттерди демонтаждоо иштерин мыйзам чегинде баштоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Мындан тышкары, шаар мэри А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан “Глобус” жана “Нурзаман” курулуш компанияларына тиешелүү аймактардагы коммерциялык объекттердин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасын берди. Ошондой эле аталган көчөдө жайгашкан спорт объектин жана ресторанды алып салууга тийиш болгон аймактарды так аныктап, белгилеп чыгуу милдети коюлду.

Последние новости