www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 29-январдагы жыйында «2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Мамлекеттик мектептерди куруу» фаза-2» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда кабыл алды.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору менен Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Чолпон Эсенаманова тааныштырды. 

Маалым болгондой, «Мамлекеттик мектептерди куруу» фаза-2» долбоорун ишке ашыруунун алкагында, макулдашуунун шарттарына ылайык 187 500 000 сауд риалын тартуу каралган. Бул 50 000 000 АКШ долларына барабар, 25 жылдык мөөнөткө, анын 5 жылы жеңилдетилген мезгилди түзөт. Жылдык пайыздык чени 1,5 %. Төлөмдөр жылына 2 жолу жүргүзүлөт.

Кредиттик каражаттар Бишкек шаарындагы 5 жаңы мектептин жана 7 кошумча окуу корпусунун, ошондой эле Чүй облусунда 150дөн 1000ге чейинки орунга ылайыкталган 2 жаңы мектептин курулушуна багытталат. Долбоордун башталышы 2026-жылдан жана 2029-жылы аяктоо пландаштырылган. 

Жыйында ошондой эле «2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү маселелери боюнча ОПЕК фондунун ортосундагы «Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)» программасы боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Аталган долбоордун алкагында Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 калктуу конуштун коопсуз таза сууга жана санитарияга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу каралган. Программаны жалпы каржылоо 200 млн АКШ долларын түзөт. Ал эми эл аралык өнүктүрүү боюнча ОПЕК фонду 20 млн АКШ долларын каржылайт. Кредиттин мөөнөтү - 20 жыл, жеңилдетилген мезгил - 5 жыл, пайыздык чен - жылдык 1,25%.

 

 

Последние новости