www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө кызыктай эле абал. Суунун башында туруп суу жок. Ал аз келгенсип утур-утур свет өчүп жатат. Өтүкчүнүн өтүгү жок дегендей эле парадокс. Айтсаң тилиң, айтпасаң дилиң күйөт. Бир туруп таза суу чыкпайт, бир туруп сугат суу жетпейт. Бир туруп свет жок. Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат дегендей туңгуюк. Жабыр тарткан баягы эле карапайым калк. Быйыл эртелеп кышка даярдык көрүп отун-суу камдоо зарылдыгын мамлекет жетекчилери жаап-жашырбастан элге ачык кабарлап, көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө тынымсыз иштеши милдет.
Мына учурда Бишкек шаарынын бир топ калктуу конуштарынын тургундары ичүүгө таза суу таппай карайлап калышты. Жер иштеткен дыйкандар болсо, сугат сууга зар болуп айдаган жерлерин сугара албай жатышат. Быйыл түшүм анчейин жакшы болбой калышы мүмкүн болуп турат. Кулпунай, бүлдүркөн, памидор, бадыраң сыяктуу жашылча-жемиштер суу жок кургап жатса, дан эгиндери бир карыш болуп баш алып кетти. Эми анын комбайнга илинери күмөн. Кыскасы, күздө түшүм кандай болот айтуу кыйын.
Ансыз да быйыл азык-түлүктүн баасы 2022-жылга салыштырмалуу 4,3% өссө, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 5,2 пайызга жогорулаган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, баалардын жана тарифтердин жогорулашы өлкөнүн бардык региондорунда байкалды. Максималдуу өсүү Нарын облусунда катталып, тамак-ашка болгон кымбаттоо былтыркыга караганда 8,2%ге чыккан.
Эми быйыл суу жок, түшүмдүүлүк төмөн болсо, азык-түлүккө болгон баа дагы көтөрүлүшү мүмкүн.
Какаганга муштаган болуп, күздөн баштап электр энергиясы бир нече сааттап өчүшү мүмкүн. Абал оор. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү болгону 8 миллиард кубдан араң ашты. Бул жылдагыга салыштырмалуу азыркы учурга бери жагы 2 миллиард кубга аз. Мындай абал менен суу кирип турган жайда топтолгон суу күзгө чейин 11 миллиарддан араң ашышы мүмкүн экени айтылууда. Демек, кышында электр энергиясы тартыш болуп, сааттап свет өчөөрү күтүлүүдө.
Светти азыр эле ар кайсы аймакта оңдоп-түзөөгө шылтоолоп өчүрүп жатышат. Өкүнүчтүүсү свет жок, суу жок өндүрүшкө чоң сокку болуп жатат. Аны түшүнгөн жан жок. Салык төлөй турган бизнес тармагы аксап, иши жүрбөй калды. Бир топ ишканалар четинен токтоп, насыя алып иш кылгандардын жагдайы чатак. Мамлекет тез арада бул көйгөйлөрдү чечпесе экономика солгундашы турган иш.
Андыктан, мурдун балта кеспеген жетекчилердин көрүнгөн шылтоону айтканынан, курсак тойгузбаган куру убадаларынан майнап чыкпайт. Мөңгү ээрибей суу тартыш, свет жок деп алакан жайып отура бергенден маселе чечилбейт. Эртең элдин чыдамы түгөнүп көчөгө чыгып кетиши ыктымал. Андыктан, өлкө жетекчилери күнү-түнү тыным албай иштеши милдет. Эл деген сел, элдин сабыры түгөнсө токтотуу кыйын.
Алмаз Темирбек уулу
Булак: NazarNews.kg