www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ош” пансионатынын мурунку директору өзүнө менчиктештирип алган мүлктөр тууралуу сьемка тартып барган иликтөөчү эркин журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөрүп, жаакка чаап, муштап кол салган.
"Мүлктүн күйүтү катуу болот экен…", - деп Ыдырыс Исаков айткандай, бул зөөкүрдүн арты таза эмес экен.
Ички иштер министрлиги бул акмакты мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартышы зарыл.
Коомчулук бул маселеге кайдыгер карабайт, өзгөчө журналисттер. Демек, жоопкерчилик тартсын журналисттерге кол салганы үчүн... Мыйзам алдында жоопко тартылбаса, эртең ар ким журналистке кол көтөрүп ур-токмокко алган прецедент жаралат. Бул кооптуу көрүнүш. Журналисттин ишмердүүлүгү мыйзам менен корголгон. Журналистке кызматтык ишмердүүлүгү учурунда кол салган, же тоскоолдук жараткандар сөзсүз жооп бериши керек.
Бул боюнча ИИМдин Басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө бул кылмыш иши катталып, тергөө кызматы тарабынан териштирилип жатканын билдирди. Эми аягына чейин чыгарып, камалсын...
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат
Булак: NazarNews.kg