www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Кыргызстан 195 миң тонна буудай сатып алат

Быйыл Кыргызстанга 195 миң тоннага жакын буудай импорттолушу керек. Бул тууралуу маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан быйыл буудайга болгон муктаждыгын 70-75% камсыз кылды. Республика боюнча жалпысынан 674 миң тонна буудай жыйналды.

«Быйылкы талап 869 миң тоннаны түзөт. Ал эми бул божомолдор кыргызстандыктардын жана Кыргызстанга келген коноктордун миграциясын эске алуу менен түзүлдү», — деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости