www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттин аймагында аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.
"Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттин аймагында аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес. Россия Федерациясында убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан чакыруу кагаздары жаңылыш түрдө алынган учурда, Элчилик Орусия тарабы менен биргеликте кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ парламенттин жыйынында депутат Алишер Козуев Орусиядагы жарандар аскердик кызматка чакырылып жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg