www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ирригациялык системаларды сугат мезгилине даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча миллион гектардан ашык сугат жерлер бар. Ал эми 50 миң гектардан ашык жерди насостук станциялар ным менен камсыз кылууда.
Республика боюнча жалпы 120 насостук станцияга 365 насостук агрегат орнотулган. Быйылкы жылга 363 насостук агрегатты оӊдоо, 26 насостук агрегаттарды жаӊылоо пландалууда.
Эске салсак, 2022-жылы 365 насостук агрегат оӊдоодон өткөрүлүп, 61 насостук агрегат алмаштырылган. Ал эми 2023-жылы 365 насостук агрегат оӊдоодон өткөрүлүп, 26 насостук агрегат алмаштырылган.
Булак: NazarNews.kg